Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Эми жашы жете электер никеге тура албайт

Коом
21 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
368
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, документ жашы жете электерге диний ырым-жырымдар менен нике кыюуга жол бербөө максатында кабыл алынды. Ал 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аны өткөн айда парламент көпчүлүк добуш менен колдоп берген. Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы 18 жаш. Бул мыйзам күчүнө кирсе, жашы жете электерге диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган. Дүйнөлүк Save the Children (Балдарды коргоо) уюмунун иликтөөсүндө эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан 59-орунда турат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.