Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Эмамоли Рахмон таасирлүү мусулмандардын катарында

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
575
Тажикстандын Президенти Эмамоли Рахмон быйыл үчүнчү ирет дүйнөдөгү таасирлүү 500 мусулмандын катарына кошулду.
Бул рейтинг Аммандагы королдук исламдык стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан жарыяланды. Рейтинг 2009-жылдан бери аныкталып келет.
Быйыл тизменин биринчи сабын египеттик имам Шейх Ахмад Мухаммад аль-Тайиб, андан кийинки орунду Иорданиянын королу Абдуллах II ибн аль-Хусейн ээледи.
Тизмеден Морокконун королу Мухаммед IV жана Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын, Ирандын жогорку жетекчиси Аятолла Сайид Али Хаменеинин ысмдарын окууга болот.
Бул беш жүздүктө Гурбангулу Бердымухамедов, Рамзан кадыров, Өзбекстандын имамы Усман Алимовдордун аттары да аталган.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.