Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Эл жана турак жай фондун каттоо үчүн каттоо барактарынын беш формасы иштелип чыккан

Коом
05 - Март 2020
www.erkintoo.kg
110
2020-жылдын 4-мартында Улутстаткомдо “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана туракжай фондун каттоого даярдык көрүү" боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статитсика комитетинин Төрагасынын орун басары Исалиев Кошой Овазбекович, статистикалык каттоо башкармалыгынын жетекчиси Чыныбаева Римма Кубанычбековна катышты.
Катышуучулардын айтымында, биринчи жолу Кыргызстанда эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт. Ушул максаттарда, Улутстатком Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан программалык продуктту колдонуп, кагаз түрүндөгү суроолор тизмегин электрондукка которуу үчүн каттоо материалдары Улутстаткомдун IT-адистери тарабынан көнүктүрүлгөн. 
2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө, убактылуу каттоо кызматкерлерин каттоо боюнча автоматташтырылган жаңы ыкманы киргизүү пландаштырылууда. Акыркы каттоо учурунда бул иш кол менен жазуу түрүндө жүргүзүлгөн.
Мобилдик аппараттардын Улутстаткомдун борбордук сервери менен «Альфа-Телеком» ЖАК (Megacom) менен байланыш каналы аркылуу байланышын уюштуруу үчүн туруктуу, жабык, коопсуз, интернетке чыкпай турган уюл түзүлгөн.  
Эл жана турак жай фондун каттоо үчүн каттоо барактарынын беш формасы иштелип чыккан. Каттоо барагынын суроолор жыйнагына биринчи жолу көрүү, угуу жана басып жүрүүгө байланышкан көйгөйлөрү бар калктын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүнүн чектелиши боюнча суроолорду камтыган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын индикаторлору киргизилди.  Бул ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген калктын санын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, маалымат технологияларын жана күн батареяларын колдонууну билүүлөрү  тууралуу кошумча суроолор да киргизилген. Мындан тышкары, КМШ жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгынын алкагында каттоо барактарына эмгек миграциясы боюнча суроолордун блогу да киргизилген.
Маалымат-жыйындын катышуучулары Улутстаткомдун аймактык бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин координаторлор үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын биринчи этабы өткөрүлгөнүн билдиришти. Семинарлардын жүрүшүндө координаторлордун милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин жана башка суроолорду деталдуу түрдө кароо пландаштырылган. Ошону менен бирге, каттоо иштерине тартылган 500дөн ашык координаторлор окутуудан өтүштү. Мындан тышкары дагы 24 миңден ашуун каттоочуларды окутуу пландалган.
КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).
Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу