Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Эксперттер тажрыйба алмашты

Коом
17 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
419
16-февралда Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Кыргыз Республикасында ойлоп табуулардын укуктук коргоо маселелери” темасында окутуу семинары болуп өттү.
Семинардын максаты ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү тартибин үйрөтүү болуп саналат. Кыргызпатенттин эксперттери ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана карап чыгуу жол-жобосу, формалдык экспертизалоо жана ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү тартиби, Кыргыз Республикасында ойлоп табууларды укуктук коргоо маселелери жөнүндө түшүндүрмө беришти. Семинарга  Улуттук илимдер академиясынын   Химия жана химиялык технологиялар институтунун, Биотехнологиялар институтунун, Биотехнологиялар инновациялык борборунун, Биология жана топурак таануу институтунун өкүлдөрү катышты.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.