Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Эки ажы каза болду

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
509
Ажылык милдетин аткарууга баргандардан эки кыргызстандык ажы каза болду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматка таянсак, кыргызстандык ажылардын бири ооруканада көз жумса, экинчиси  жанындагылар менен сүйлөшүп олтуруп эле жан берген. Бул тууралуу дагы кененирээк маалымат берилерин  басма сөз кызматынын кызматкерлери кошумчалашты. Белгилей кетсек,  кыргызстандык ажылардын 300 кишиден турган алгачкы тобу  18-сентябрь күнү саат 15:00дө өз мекенине кайтып келишти. Айдын аягына чейин ажылардын баары өз жерине кайтат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.