Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Дыйкандар төө буурчактын жаңы түрүнүн түшүмүн күтүшүүдө

Коом
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
21
Таласта Түркия мамлекетинен алынып келинген “Нирвана” сортундагы  төө буурчагы жалпы 31 гектарга  биринчи жолу  эгилген. Ушу тапта дыйкандар, адистер төө буурчактын түшүмдүүлүгүнө байкоо жүргүзүүдө.  Бакай-Ата районундагы сортторду сыноо участогунун башкы агроному Нурдин Байдөөлөтов учурда “Нирванадан” башка дагы чакан көлөмдө сыноо аймагына 6 сорт ийгиликтүү сыноодон өтүп жатканын билдирди. “ Бул төө буурчактын түшүмдүүлүгүн күзүндө айтсак туура болот. Азыркыга чейин ушул сорттор 4 жолу суугарылды жана тегиз өсүүдө. Алдыда аба-ырайына жараша дагы канча ирэт суу ичээри такталат ” – дейт Н. Байдөөлөтов.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу