Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Дүйнөдө ар жети секунд сайын жашы 15ке жете элек секелек кыз турмушка чыгат

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
633
Бүгүн, 11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Майрам дүйнөдөгү кыздардын социалдык укуктарын коргоо максатында БУУ тарабынан жыл сайын майрамдалып келет. Дүйнөдө ар жети секунд сайын жашы 15ке жете элек секелек кыз турмушка чыгат. Save the Children деп аталган кайрымдуулук уюму жарыялаган докладда мына ушундай деп аталат.
Докладда көрсөтүлгөндөй Ооганстан, Индия, Сомали сыяктуу өлкөлөрдө 10 жаштагы кыздарды турмушка чыгууга мажбурлашат. Мындай эрте никеге туруу кыздардын турмушун бузуп, аларды балалык доордон, билим алуу, өнүгүү укуктарынан ажыратат.
Аталган уюм бойго жете элек кыздардын никеге туруусу боюнча өлкөлөрдүн рейтингин да аныктаган. 144 өлкө киргизилген тизмеде Кыргызстан 59-орунду ээледи. Казакстан – 30, Өзбекстан – 31, Монголия – 37, Тажикстан – 57 орундарда. Эң акыркы саптардан Нигер, Чад, Борбор Африкалык Республикасы, Мали жана Сомали орун алышты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.