Курс НБ на 02.12.2020 $84,7998 €101,5859

Дүйнөдө 230 миң бала онкологиялык ооруга чалдыгат

Коом
14 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
411
Жылыга дүйнөдө 200 миңден ашык бала рак илдетине чалдыгат. Буга олуттуу маани берилбей жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жугуштуу эмес оорулар боюнча бөлүм башчысы Светлана Юрасова билдирген. Бул тууралуу  РИА Новости маалымдайт.  Маалыматтарга караганда, рак илдетине чалдыккан балдар боюнча маалыматтарга олуттуу көңүл бурулбай жатканын былтыркы жылы дагы айтышкан. Тагыраагы  жыл сайын 230 миң бала рак илдетине чалдыгат. Анын ичинен 15 жашка чыга электердин саны 215 миң. 15 жаштан 19 жашка чейин болсо 85 миң баланы түзөт. Жыл сайын рак илдетинен 100 миң бала каза табат. Ал эми саламаттыкты  сактоо тармагына көп каражат бөлүнгөн мамлекеттерде рак илдетине 10 бала кабылса анын сегизи айыгып кетет. Юрасова өз сөзүндө Рак илдетине чалдыккан балдардын санын так аныктоо мүмкүн эместигин билдирет.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.