Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Дүйнөдө 1,5 млрд адам сабатсыз

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
514
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Гордон Браун учурда Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык билим берүү боюнча атайын өкүлү жана Жеткиликтүү билим берүүну камсыздоо маселеси боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы болуп иштейт.
 
Анын айтымында, Жер шарында жашаган 1,4 млрд балдардын 900 миллиону бой жеткенге чейин эч кандай билимге ээ боло алышпайт. Алардын көп сандаган мууну экстермисттер менен террористтердин жеңил олжосуна айланууда. 2016-жылы эле дүйнөдө 260 миллион балдар менен кыздар мектеп астанасын аттабай калышты. Ал эми мектепке барат деген 600 миллион балдар менен кыздар окуп деле жыргатышпайт. Бириккен Улуттар Уюмунун жалпыга жеткиликтүү башталгыч билим берүү программасы жүзөгө ашканга чейин 1,5 млрд чоң адамдар билимсиз бойдон калышат. Программаны жүзөгө ашыруу үчүн 2030-жылга чейин 3 трлн доллар каражат талап кылынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.