Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Дин кызматкерлери төкмө акындарга Ыраазычылык барактарын жана ак баталарын беришти

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
419
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети КРнын эмгек сиңирген артисттери, ак таңдай төкмө акын Жеңишбек Жумакадырды, Аалы Туткучевди жана Идирис Айтбаевди Ыраазычылык барагы менен сыйлады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Саамалыктын алкагында Азирети муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов 3 акынды мамлекет тарабынан берилген ардактуу сыйлыктары  менен куттуктап, мындан аркы төкмөлүк өнөрлөрүнө жана кыргыз элине чоң салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирди.
Ал эми КИУнун ректору Марс Ибраев, ислам дининин коомго жайылышына жана жаштарга туура жолду көрсөтүүдө, Кыргызстан тарыхынын жана маданиятын бүткүл дүйнөгө жайылтып, Кыргызстандын жаштарын адеп-ахлактык жаңы багыттарга жетелеп, улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды муундан-муунга өткөрүүдө төкмө акындардын салымдары чоң экенин кошумчалады.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.