Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Депутаттар бийик тоолуу шартта иштеген адистерге кошумча төлөмдөрдү калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
399
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири деп эсептешет. Медицина, билим берүү, социалдык камсыздоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр өтө маанилүү болуп саналат. Бул багыттар боюнча кадрлар жетишсиз. Мындай көйгөй тоолуу жана алыскы аймактарда курч турат. Эске салсак, тийиштүү коэффиценттер белгиленген райондордо бийик тоо шартында иштеген стаж үчүн эмгек акыга жана кызматтык маянага үстөк төлөмдөр  2012-жылы жоюлуп калган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.