Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Чүй облусунда мыйзамсыз курал сактоо боюнча 44 факты катталган

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
386
2016-жылы Чүй облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 32 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады. Жыл ичинде облус аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 44 факт катталып, анын 32сине кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 160 адам өз эрки менен мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өткөрүп берген. Жарандардан жалпы 106 сайсыз мылтык, 4 сайлуу мылтык, 1 кесик мылтык, 24 газ тапанчасы, 12 граната, 3 жардыргыч заттар, 416 даана ок-дары алынган,-делет башкармалыктын маалыматында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.