Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор

Коом
01 - Июнь 2020
Эркин Тоо
68
Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу