Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

“Cөгүнбө” акциясы өттү

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
389
Бүгүн Бишкекте "Сөгүнбө" аталышындагы акция өттү. Иш-чара К. Тыныстанов атындагы №5 китепкананын жетекчилигинин демилгеси менен өткөрүлгөн. Китепкананын башчысы Бактыгүл Оркошева  иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлдү,-деп билдирди.  "Коомдук жайларда сөгүнгөн, жарандарды мазактап, тийишкен, коомдук тартипти бузган адамдарды жоопко тартуу боюнча Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ушундай акция өткөрүү идеясы келди. Студенттер, окуучулардын катышуусунда өзүбүз атайын баракчаларды жасап, көчөдө элге таратып жаттык. Көбүнчө эркек кишилерге бердик. Алгач таң калып жатышты, бирок баракчаларды окуп, шардагы жазууларды көрүп түшүнүп калышты. Мындай акциялар бир гана китепканаларда эмес, өлкө аймагында өткөрүлсө жакшы болмок", - деди Оркошева,-деп жазат Super.kg.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.