Курс НБ на 14.07.2020 $77,5098 €87,9814

Былтыр Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине даттангандар көп болгон

Коом
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
396
Аталган министрликке былтыркы жылдын эсебинде жарандардан 1383 арыз жана даттануу келип түшкөндүгүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кайрылуулардын дээрлик бардыгы  белгиленген тартипте каралган жана өз убагында жооптору берилип, аткарылбаган же мөөнөтү кечиктирилип аткарылгандары да болгон эмес,- делет маалыматта. Ошондой эле, министрликтин жетекчилиги 367 адамды кабыл алган,  ал эми коомдук кабылдама 686 жаранды кабыл алып, андан 342 адамдын суроосу оң чечилип, калгандарына түшүндүрмө берилген. Бирок, даттануулардын кайсы багыттар боюнча келип түшкөндүгү тууралуу так маалымат берилген эмес.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.