Курс НБ на 11.08.2020 $77,4202 €91,1352

Быйыл өлкөбүздө жол куруу жумуштарына 2,5 млрд сом жумшалды

Коом
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
515
Өлкөбүздүн транспорт, байланыш жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун айтымында, Кыргызстанда ушул учурга карата 2,4 млрд сомго 124 чакырым жолдор курулду.
 Бул туурасында министр мырза бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.
Капиталдык салымдар статьясы боюнча жол куруу иштерине тиешелүү 25 объектиге 2 млрд 698 млн сом каралган. Бул сумманын 2 млрд 422 млн сому өздөштүрүлдү. 68 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 56 чакырымы шагыл менен тегизделди, андан тышкары 3 көпүрө курулууда.
 Замирбек Айдаров 2016-жылга 87 чакырым жолду асфалттоо пландалгандыгын, Бишкек – Эл аралык “Манас” аэропорту автожолун калыбына келтирүү аяктагандыгын, бирок пайдаланууга кабыл алына электигин кошумчалады.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.