Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Быйыл кар көп жаады

Коом
03 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
616
2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын жаашы нормадан 125-190 пайызга көбүрөөк болгон. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаевге таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта тоолордо кардын топтолушу апрель айынын башына чейин улантылаары айтылат. Ал эми 2017-жылдын 30-31-январь күндөрүнө карата өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын бийиктиги 21 сантиметрди түзсө, "Ит-Агар" станциясында 85 сантиметрди түздү. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылдын көрсөткүчү 167 пайызга жогору болууда",- делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.