Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Буудай менен жашылча-жемиштердин тирешүүсү

Коом
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
615
Орусия бүгүн, 22-сентябрдан тарта Египеттен ташылып жаткан жашылча менен жемиштерге убактылуу чектөө киргизди.
“Россельхознадзор” бул өлкөдөн кирип жаткан айыл чарба продукцияларынын сапатында фитосанитардык тобокелдик жогору болуп жатат деп эсептейт.
Бирок, бул негизги себеп эмес. Египет бүгүнкүгө чейин буудай сатып алуу боюнча Орусиянын башкы импорттоочуларынын бири болуп келген жана жылына 6 миллион тоннага чейин товардык буудай сатып алып турган. Быйыл август айында грибок бар деген шылтоо менен египеттиктер орус буудайын сатып ташып келүүгө тыюу салган болчу.
Орусиялыктардын жооп кадамынан кийин Египеттин делегациясы конфликтти жөнгө салуу максатында 26-сентябрда Москвага келе турган болду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.