Курс НБ на 23.07.2019 $69,6659 €77,9039

​Бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо жаңылбаш керек

Коом
10 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
36
Баш аягы дүйнө жүзүндө 40 миңдей кесиптин түрү белгилүү. Ушунун арасынан адам өзүнө ылайыктуу, көңүлүнө төп келген жумушту тандашы керек. Ал келечекти тандоого барабар. Ошондуктан бул нерсе кайдыгер карачу жөнөкөй иш эмес. Жети өлчөп бир кесчү, акыл калчап ойлонуп чечүлчү маселе. Кесип тандоо – адам болуп калыптаныштын, жеке өзүң үчүн чечим чыгаруунун, тагдырды чечүүнүн алгачкы тепкичи десек болот. Ошондой эле ал өмүр бою инсандын жашоосуна таасир этип, чоң бир ролду ойноору талашсыз чындык.  Бул канчалык адам үчүн негизги орунда болбосун, көп жаштар өз кесибин тандоодо жаңылып, ата-энеси тарабынан, экономикалык жактан тоскоолдукка кабылышат. Туура эмес тандалган кесип адам үчүн көп көйгөйлөрдү жаратат. Сен тандаган кесип өзүнө жакпаса, ал ишти жасоо кыйынчылыкты туудурары бышык.
Абитуриент, эгер ушул убакка чейин жаккан кесибиңди тандай албай жатсаң, же такыр эле ал жөнүндө эч ойлоно элек болсоң иш чатак. Бүгүнтөн калбай бул ишке кириш.
Эң алгач ойлон, көңүлүң кайсыл кесипке тартып турат. Ал сенин жөндөмүңө дал келеби, колуңан келчү ишпи? Ден соолугуңа тескери таасирин тийгизбейби? Өмүр бою тажабастан бул иш менен алек боло аласыңбы? Бүгүнкү күндө коом үчүн ал иш канчалык деңгээлде керектүү? Максаттарыңа жетүүдө тоскоолдук жаратпайбы? Бул кесип менен  өзүңдү камсыздай аласыңбы? Кесибиң үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга даярсыңбы? Бул суроонун барына жооп бере алдыңбы? Сен үчүн туура келеби дагы бир жолу ойлонуп көр, анан өзүң чечим чыгар.
Эгер ойлоно албай жатсаң ата-энең, жакындарыңдан кеңеш сурап көр. Алар сенин жөндөмүңдү, кайсы кесип сага ылайыктуу экенин жакшы билишет. Бирок, албетте, акыркы жыйынтыкты өзүң чыгарасың.
Акчаны кызыкчылыгы үчүн, кесиптин аброю үчүн өз жактырган кесибиңди таштап кетпе. Өз сүйгөн кесибиң менен гана ийгиликтерди , бийиктерди багынта аларыңды, унутпа.
Максаттарыңа жетүү үчүн тынымсыз күрөш, туруктуулук жана өжөрлүк талап кылынат. Келечегиң өз колуңда, абитуриент!
 
Кундуз Апышова, Нурсулуу Насиридинова,
“Эркин Тоо” гезитинин практиканттары
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу