Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Боинг кырсыгы боюнча иликтөөнүн биринчи бөлүгү аягына чыкты

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
359
Кырсыкты иликтеген комиссия тарабынан окуя болгон жерде иликтөө иштеринин биринчи бөлүгү  аяктады. Бул тууралуу  Эл аралык авиациялык комитети билдирди.  Иликтөө учуучу аппараттын жардамы менен жүргүзүлүп, авиакырсык болгон жердин схемасы түзүлгөн.
“Учактын элементтери чогултулуп, иликтөөгө керектүү бөлүктөрү алынды. Калганы “Манас” аэропортунун аймагындагы кампага киргизилди. Мындан сырткары метеорологиялык маалымат талданып бүттү. Кыргыз Республикасы, АКШнын жана Түркиянын адистери тарабынан учактардын конуу системиндеги радиотехникалык учуу программасы түзүлдү. Комиссия үндөр жазылган маалымат менен экипаж-диспетчердин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты иликтеп жатат. Мындан тышкары учуу жана техникалык документтер, экипаждын кыймыл-аракеттери иликтенүүдө. Ошондой эле куткаруучу топтун ишине да баа берилет”,-делет маалыматта.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.