Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Биз сүйүп жеген балмуздак кандай азык?

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1143
Жай күндөрүндө айрыкча балдардын сүйүп жегени балмуздак болот. Алардын азыр түрү эле көп. Каймагы, шоколады ар кандай кошулмалары менен сырты кооздолгон балмуздактар жаш балдардын эле эмес чоңдорду да кызыктыраары чын. Анда балмуздак деген кайдан чыкты? Бул не деген азык?, - деген суроолорго жоп издейбиз.
 
Кызык экен...
Балмуздактын организмге сиңиши 95-98 пайызды түзөт.
Дүйнөдө анын 709 түрү бар. Алардын арасында балык даамданган, камыр даамданган балмуздактарды табууга болот.
Эң кымбат балмуздактын баасы 1000 доллар. Алар Нью-Йоркто сатылат.
Нопалеон Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөндө атайын балмуздак алдыртып жечү экен.
2002-жылы Чилиде балмуздак саткан соодагер ага кокаин кошуп коюп, кардарлар анын артынан кууп калышкан. Аны байкап калган тартип коргоочулар соодагерди камап коюшкан.
Балмуздактан ооруу пайда болобу?
Акыркы жылдары эл арасында балмуздактан бруцеллез оорусу жугат,- деген кептер тараган. Санитардык врач Үмүт Сатыбалдиева балмуздактан бруцеллез ооруусунун жугушу мүмкүн эмес дейт. Анткени, балмуздак чыгаруучу цехтерге ар дайым текшерүүдөн өткөрүлгөн сүт азыктары алынып келинет. Мисалы, цехтерге сүт алып келген чарбанын ветеринардык күбөлүгүндө уйлардын текшерүүдөн өткөрүлгөндүгү жана алардын ооруудан таза экендиги жазылбаган болсо, керектөөчүлөр сүттү кабыл алышпайт. Цехтерде балмуздактын жасалуу технологиясы да сакталат. Сүттү кайнатуу алар үчүн биринчи орунда турат. Бирок, бул мыйзамдуу цехтердеги абал. Мыйзамсыз түрдө иштеп жүргөн цехтерди текшерүүгө санитардык кызматтар барышпайт.
 Педиатрлар да мындай балмуздактардын балага зыяндуулугун айтышат. Ичеги-карын, тамак оорууларынын келип чыгышына муз түрүндөгү балмуздактар түз таасирин тийгизет. Муз түрүндөгү эле эмес жөнөкөй балмуздактарда тамактын ооруп, ангина, бронхиттин башталышына шарт түзөөрү аныкталган. Бирок, мындай учурлар балмуздакты ченемсиз жана өтө муздак жегенден пайда болот. Балмуздактын тиштерге тийгизген таасири күч. Өтө муздак балмуздак кээде тиште билинбеген жаракаларды пайда болушуна себепкер. Анткени менен балмуздак азык катары организмге керектүү витаминдерди берээри да илимий түрдө аныкталган. Сүт азыктарынан жасалган бир эле балмуздак организмге пайдалуу 100дөн ашык заттарды алып жүрөт. Балмуздак белоктун аминокислотасына, майлуу кислоталарга, минералдык туздарга, 20дан ашык витаминдерге, жана тамак сиңирүүгө пайдалуу заттарга бай келет. Мындан сырткары сүткө караганда балмуздакта углеводдун көрсөткүчү 4 эсеге көп болот.
Балмуздактын тарыхы
 
Балмуздак биринчи жолу Кытайда мындан беш миң жыл мурда пайда болгон. Кытайлыктар балмуздакты жемиштердин ширесин муз кылып катырып жасашкан. Балмуздакты кытайлык императорлор барктап жешип, аны жасоо жолдорун эч кимге үйрөтпөөнү буйрушуп, жашырып келишкени менен кийинчерээк ал Англия, Рим, Грецияга тараган. Гректердин бийлик төбөлдөрү да балмуздактын баалуулугун билишип, сый тамак катары кабыл алышкан делет уламыштарда. Ал убактарда ширелерди муз кылып катыруучу муздаткычтар жок болгондуктан гректер менен римдиктер кулдарга эстафета уюштурушуп, биринчи болуп тоолордон муз алып келгендерине сыйлыктарды беришчү экен. Англиянын королдору болсо ашпозчуларына «балмуздакты жасоонун сырын эч кимге ачпа»,- деп акчалай маяна берип турушкандыгы белгилүү. Анткени менен сый тамак балмуздакты жасоо эрежелери дүйнөгө тарап кеткен. Россияда болсо, балмуздак чыгаруучу фабрика 1932-жылы ачылган.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.