Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Бишкектин моргунда иштеген дарыгерлер айына 5 миӊ сомдон маяна, аптасына 2 литрден сүт алат

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
378
Бул тууралуу депутат Альфия Самигуллина журналисттер менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, моргдо иштеген дарыгерлердин арасында жаш адистер жетишсиз.
«Моргдо иштөө өтө оор, баардык эле адамдар чыдай бербейт. Андагы медициналык кызматкерлердин эмгек акысын кеминде эки эсе көтөрүп, алардын кыйын шартта иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү киргизүү зарыл», - дейт эл өкүлү.
Депутат Бишкек шаарындагы морг стандарттарга туура келбей турганын белгиледи. «Ал 10-15 өлүккө эсептелсе, иш жүзүндө 40тан ашык өлүк жайгаштырылып жатканын кошумчалады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.