Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Бир ай ичинде 267 адам травматология бөлүмүнө кайрылды

Коом
25 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
118
Бишкекте бир ай аралыгында шаардык травматология бөлүмүнө 267 адам кайрылды. Бул туурасында  Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 27-ноябрдан 24-декабрга чейин шаардык травматология бөлүмүнө 267 киши кайрылган.  Кайрылгандардын көпчүлүгү  тайгаланып, жаракат алгандар.  91 адамдын  жамбаш сөөгүнөн сынык алса, 44 адам тизеден ылдыйкы бөлүктөн сынык алган. Мындан сырткары,  132 жаран жеңил жаракаттарды алган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.