Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Биометрикалык маалыматыңызды тапшырыңыз

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
388

Алдыдагы жергиликтүү депутаттарды шайлоолордо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда биометрикалык маалыматын тапшыргандар  гана добуш бере алат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. “Бул шайлоолорго негизинен 2 миллион 800 миң шайлоочунун тизмеси даярдалып жатат. Тизмеге биометрикалык маалыматтарын тапшырган гана кишилер кирет. Шайлоого дагы биометрикалык маалыматын тапшырган, колунда ID-карточкасы, паспорту бар гана жаран катыша алат” Мамлекеттик каттоо кызматтан белгилеп кетишкендей, биометрикалык маалыматты чогултуу дагы эле уланууда.
Мээрим Бактыбек кызы

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.