Курс НБ на 23.01.2020 $69,7857 €77,3505

Билим берүүдөгү коррупцияны жоюу планы ачыкталды

Коом
05 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
75
Билим берүү тармагындагы  коррупцияны жоюу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалып жатат. Ушул аптада эл аралык уюмдар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Билим берүү жана илим министрлиги жана окуу жайлардын ректорлору  катышкан “Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Анда  Билим берүү жана илим  министри Каныбек Исаков министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциялык тобокелчилик бар кызмат орундарынын тизмеги түзүлүп, бул тармактагы коррупцияны алдын алуу жана жоюу боюнча жасала турган жумуштардын иштиктүү планы иштелип чыккандыгын баса белгилеп, катышуучуларды ал план менен тааныштырды. Министр бул тармактагы коорупциян га жол бербөө максатында  тармакты бүтүндөй автоматташтырып, ачыктыкка чыгаруу ниети бар экендигин билдирди.  Коррупциянын эң чоң душманы - бул айкындуулук, ачыктык, ошондуктан колдон келишинче бардык процесстерди автоматташтырып, жылчыктардын баарын жаап салышыбыз керек”,-деди министр.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу