Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Бийик тоолуу аймактарда иштегендерге кошумча акы төлөнөбү?

Коом
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
387
Бийик тоолуу аймактарда иштеген кызматкерлердин маянасына кошумча төлөмдөр каралып жатат.  Мындай  мыйзам долбоору 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде экинчи окууда каралды. Эгер долбоор ишке ашып калса,  жылына болжол менен 29,797 миллион сом кошумча акча талап кылынат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын билдиришинче, кошумча коэффициенттик төлөмдөрдү саламаттык сактоо тармагынын 379 кызматкери, билим берүүнүн 258 кызматкери жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу багытында иштеген 1245 адис алат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.