Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Бүгүн тамекини таштоо күнү

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
926
Жылыга  15-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен  Онкологдор уюмунун демилгеси астында  Эл аралык тамекини таштоо күнү белгиленип келет.  Бул күн  АКШда 1977-жылдан тарта майрамдала  баштаган. Майрамдын негизги максаты болуп тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу элге маалымат берүү жана чылым чегүүнүн алдын алуу болуп эсептелет. Ооруканаларда тамекинин зыяндуулугу  туурасында  лекциялар окулуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Учурда тамеки тартуу бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп эсептелет. Расмий маалыматтарга караганда, ар бир 10 секундада планетада чылым чеккендин  айынан бир адам көз жумат. Дүйнөдө тамеки тартуу боюнча 1-орунда Россия турат. Россияда чылым чегүүнүн айынан  жылына 500 миңге жакын адам көз жумат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.