Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Бүгүн өлкө аймагында жер титиреди

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
377
Бүгүн, 7-февралда саат 08:18де өлкө аймагында очогундагы күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Чаткал тоо кыркасында, Ала-Бука районундагы Кашка-Суу айылынан түндүккө 15 чакырымда, Чаткал районундагы Кызыл-Капчыгай айылынан түндүк-чыгышка 18 чакырымда, Аксынын Кербен айылынан түндүк-батышка 27 чакырымда, Терек-Сай айылынан түндүк-чыгышка 45 чакырымда, Ош шаарынан түндүк-батышка 165 чакырымда жайгашты.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу айылдарында 4 баллга, Кербен айылында 3 баллга сезилди. ӨКМ кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп билдирди.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.