Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Беш бармак эле дебей балык жегенди да үйрөнөлү

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
404
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун маалыматы боюнча быйыл дүйнөдө жан адамга балык азыктарын жылдык керектөөнүнүн орточо көлөмү 20 килограммага жетти.
Ал эми Кыргызстанда норма боюнча бир адам жылына орто эсеп менен 9,1 килограмм балык азыктары менен тамактануусу зарыл.
Өлкөбүздүн Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлиги тарабынан иштелип чыккан Кыргызстанда 2025-жылга чейин балык чарбасын өнүктүрүү программасында ушундай деп айтылат.
Өткөн жылы балыкты керектөө өлкөбүздө бир адамга 1,2 килограммдан туура келди. Бул талап кылынган нормадан 7,5 эсеге аз. Мындай жагдайга Кыргызстанда балык чарбачылыгынын дурус өнүкпөгөндүгү себепкер. Ушундан улам балык азыктарынын 90%ы өлкөбүзгө сырттан ташылып келет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.