Курс НБ на 02.12.2020 $84,7998 €101,5859

Бельгия археологдору Айтматов жөнүндө чогулткан материалдарын Кыргызстанга берет

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
465
Мындай иш-чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында болмокчу. Бул тууралуу Sputnik басылмасы жарыялады. Бельгия Королдугунун археология боюнча падышалык академиясынын мүчөлөрү Жан жана Голди Бланкоффтор Чыңгыз Айтматов жөнүндө чогулткан материалдардарын жана китептерин Кыргызстандын элчилигине тапшырат. Бул тууралуу Бельгиядагы кыргыз элчилиги билдирди. Материалдарды өткөрүп берүү аземи 16-февралда өтөт. Эскертсек, бул иш-чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында болууда. Өлкө башчысы февраль айынын ортосунда Бельгияга иш-сапары менен барары буга чейин кабарланган.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.