Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Башкы инженер кызматынан убактылуу четтетилди

Коом
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
21
Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында 34 жаштагы электрик иш учурунда токко урунган. Анын кырсыкка кабылышына жакындары райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженерин күнөөлөшүүдө Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми башкы инженер тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгенин райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери билдирди. Кечээ, 5-августта жергиликтүү тургундар башкы инженерге болгон нааразычылыктарын айтып, митингге чыгышкан. Алар менен Манас районунун акими, прокурор жана райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси жолугушкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу