Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Бананды да байкап же...

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
535
Сыркоолоп калгандар үчүн дары-дармектерди кабыл алуу учурунда төмөндөгү үч азык менен тамактануу алардын таасирин азайтат жана жагымсыз натыйжаларга алып келет.
Илимпоздордун пикиринде, апельсин, мандарин, грейпфрут сыяктуу цитрус жемиштери статин, бета-блокаторлор эле эмес, бир катар ооруну басаңдатуучу анальгетиктердин да таасирин азайтат. Цитрус ширелериндеги бергамоттин адамдын боору менен ичке ичегилериндеги бир катар ферменттердин ишин начарлатат. Бул “грейпфрут ширесинин эффектиси” деген аталыш менен белгилүү.
Ал эми дарылануу учурунда сырды көп колдонуу антидепрессант каражаттардын таасирдүүлүгүн азайтат. Тирамин затын камтыган сырлар кан басымдын көтөрүлүшүн шарттайт.
Адатта биз бананды жүрөк булчуңдары үчүн өтө зарыл болгон калийдин булагы деп жүрөбүз. Калийдин ашыкча же жетишсиз болушу олуттуу кесепеттерге алып келет. Артериалдык гипертензияга кабылган адамдар ангиотензин ферментинин ишин солгундатуучу препараттарды ичишери белгилүү. Бирок, алар органимзде гиперкалиемияны жаратат. Бул препараттарды кабыл алуу учурунда бананды пайдалануу дарылардын кан тамырларды ичкертүү касиетин күчөтүп жиберет...
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.