Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Балдарга кооптуу интернет булактарын жабуу чечими чыкты

Коом
14 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
509
Өлкөдө балдардын өмүрүнө коркунуч келтирген интернет ресурстарын техникалык камсыздоо токтотулат. Бул чечимди Бишкек шаардык Октябрь райондук соту маалыматтык коопсуздукту сактоо жана балдарды коргоо максатында кабыл алды. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой  жүргүзүлгөн талдоодо жашы жете элек балдардын  интернет оюндарын  кошууда  суицидге түрткөн интернет булактары аныкталган. Жаш муунга бул коркунуч туудургандыктан Башкы прокуратура өкмөткө кооптуу интернет булактарына  чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.