Курс НБ на 23.01.2020 $69,7857 €77,3505

​Балдар жана кош бойлуулар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды

Коом
05 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
53
Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Медициналык кызматтардын сапаты, талдоо жана стратегиясы башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Жетигенова билдирди. Анын айтымында, балдар үчүн кыска мөөнөттөгү стационарларда соматикалык жана хирургиялык профилдеги 121 оорунун түрү менен ооруган 16 жашка чейинки балдар дарыланат. Ал бөлүмдөрдө балдарга медициналык кызмат акысыз көрсөтүлөт. Ал эми кош бойлуу аялдар гипертензия, кош бойлуулуктун 34-36, 36-40-жумасынан кийин болгон жалган толгоолор болгондо бул бөлүмдөргө жаткырылат. Мындай пилоттук стационарлар Эненин жана баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунда, Бишкек шаардык перинаталдык борбордо, Бишкек шаарындагы №1,2 клиникалык төрөт үйлөрүндө, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасында , Ош облустар аралык клиникалык жана  Ош шаардык ооруканасында иштеп жатат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу