Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Бактерияга каршы самындар ден соолукка зыяндуубу?

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1310
Америка Кошмо Штаттарынын Азык түлүктөрдү жана дары каражаттарын көзөмөлдөө башкармалыгы өлкөдө антибактериалдык самындар менен жуунуу үчүн гелдерди колдонууга тыюу салды.
Эксперттер бактерияга каршы самындар адамды алардан коргомок турсун организмге зыяндуу деген тыянакка келишкен. Мындай самындардын касиети илимий жактан аныкталган эмес, тескерисинче узак убакыт колдонуу залакасын гана тийгизет. Мамлекеттик эксперттик борбордун жетекчиси Джанет Вудкоктун айтымында, антибактериалдык самындардын курамында трикдозан жана триклокарб заттары бар. Алар дарылоого туруктуу жана өмүргө коркунучтуу инфекциялардын таралышына шарт түзөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.