Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Бакиев кеткенден кийин мүлктөрдү кимдер басып алган?

Коом
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
398
Мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, улутташтырылган объектилерге байланышкан фактыларды изилдөө боюнча депутаттык комиссия 20-октябрда түзүлсө, бүгүн, 28-октябрда анын экинчи отуруму болду. 2010-жылдагы морадерчулукту, банк ячейкаларын талап-тоноо фактыларын, мурда К.Бакиевчилерге (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев) тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКын, "Дастан ТУК» ААК  "Азия Универсал Банк" АКын, Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы баштаган бир катар улутташтырылган объектилерди сатуудагы маселелерди териштирүү жана “Кыргызтелеком ААК көрсөткөн интернет кызматтарынын тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү тууралуу маселелер  көтөрүлдү.  Жыйынга КР Башкы Прокуратурасынын, КР Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, “Кыргызкөмүр”, “Альфателеком” ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Бул депутаттык комиссияга парламенттеги 6 фракциянын депутаттары - Р.Момбеков, А.Артыков, М.Айнакулов, М.Мадеминов, К.Бокоев, А.Исмаилова, А.Алтынбеков, Ж.Калмаматов, К.Нурматов, А.Жутанов, Б.Субанбеков жана А.Шыкмаматов кирген. Төрагасы Анвар Артыков.
Депутаттар аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө тез аранын ичинде канча мүлк улутташтырылып, канчасы кимдер аркылуу иштетилип жатканы боюнча маалыматтарды берүүнү тапшырды. Б.Субанбеков Көлдөгү пансионаттарды, анын ичиндеги коттедждерди кимдер иштетип жатканына кызыкты. «6 жылдан бери бул маселе токтобой келатат. Менчиктештирилген мүлктөрдү Акаев кеткенден кийин Бакиев басып алган. Бакиев кеткенден кийин кимдер басып алганын такташ керек. Юридикалык жактан аларды кимдер иштетип жүргөнүн аныктап коюш оңой эле. Биз эми жөнөкөй же чиновник экенине карабай аныктап чыгышыбыз керек» - деди К.Бокоев. «Бул тарыхый комиссия болот. Анткени мындан көптөрдүн былыгы ачылат», - деди А.Шыкмаматов.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.