Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Баатырбековдун кадыр-баркы бийик экен

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков ЖККУнун парламенттик ассамблея кеңешинин алдындагы уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук комитеттеринин координациялык кеңешинин төрагалыгына шайланды.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ЖККУнун паламменттик ассамблея кеңешинин комитет төрагаларынын координациялык жыйынында мына ушундай чечим бир добуштан кабыл алынды.
Алмазбек Баатырбеков ЖКнын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетин жетектейт. Кошумчаласак, ал V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин да депутаты болгон. Жердиги Ат-Башынын Ак-Муз айылынан. 15-октябрда 46 жашка толот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.