Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Азык-түлүк баасын көтөргөндөргө кылмыш козголду

Коом
16 - Март 2020
www.erkintoo.kg
39
Бишкек шаарында абалдан пайдаланып азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз көтөрүп саткан соодагерлерге кылмыш иши козголду. Бул туурасында  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, акыркы 2-3 күндө айрым базарларда, дүкөндөрдө товарлардын баасы кескин жогорулап кеткен. Бул маселени жөнгө салуу үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан атайын топтор түзүлүп, массалык түрдө сатылып жаткан базар, дүкөндөргө барып баасын көзөмөлдөп, күнү-түнү иш алып барышууда. Бир күндүн ичинде бааны негизсиз көтөрүп саткан бир нече сатуучуга кылмыш козголду.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу