Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Ажылыкка катталгандардын саны 1605ге жетти

Коом
20 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
496
Ажылык сапарына баруу үчүн талаптагыдай документтерин толуктоо максатында кайрылгандардын саны 2298 адамга жетсе, анын ичинен документтерин толук түрдө тапшырып, электрондук кезекке тургандардын саны 1605 адамды түздү. Бул тууралуу zaman.kg маалыматтык сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, учурда каттоо иши өлкө аймагындагы 32 пункта жүргүзүлүп, жарандарды ажылык сапарына баруу үчүн каттоого алышууда.
 Муфтияттын Ажылык-Умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаевдун айтымында, ажылыкка катоо 14 күндөн кийин жыйынтыкталмакчы.  
 “Ажылык сапарына баруу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ажылык-Умра бөлүмүнө кайрылган жарандарыбызга кеңештерди берип, алардын суроолоруна жооп берүүдөбүз. Учурда ажылыкка каттоо жүрүп, 14 күндөн кийин жыйынтыкталат. Андыктан улуу сапарга бара турган жарандарыбыз чамдашы керек, себеби канчалык эрте катталган жарандын ажылык сапарына баруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот”,-деди ал.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.