Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Ажылыкка баруучулар каттала баштагыла!

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
451
Муфтияттын ажы умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү бүгүн өлкө аймагында ажылык сапарга чыгуучуларды каттоо иштери башталды деп билдирди.  Каттоо иштери 6-мартка чейин,  облустук казыяттарда жана шаардык, райондук мечиттерде жүргүзүлөт. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө 4585 адамга квота берилди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 900 адамга көп. Эгерде квота толбой калса, каттоонун мөөнөтү узартылат,-делет маалыматта. Ажылык сапарга зыярат кылуучулар 2017-жылдын 5-августунан тарта жөнөшөт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.