Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Автоунаанын өзгөчө номерлери онлайн-аукцион аркылуу сатылат

Коом
16 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
446
21-сентябрдан тартып  nomer.srs.kg сайтында автоунаанын өзгөчө номерлери онлайн-аукционго коюлат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда,  жалпысынан 37 даана өзгөчө номерлер   21-22 жана 28-сентябрда үч этап менен өтөт.  Өзгөчө номерлер  001 сандары менен башталып, бирдей комбинациядагы тамгалар менен уланган номерлер (001ААА) — 70 миң сом. Ал эми   001 сандары менен башталып, бирок тамгалар ар кандай болсо (001ААВ) — 63 миң сом.  777 сандары бирдей комбинациядагы тамгалар менен болсо — 60 миң сом. Эгер ар кандай тамагалар менен уланып кете турган болсо — 54 миң сомдон башталат. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.