Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

​Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат

Коом
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
57
Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыздар жашайт. Аталган аймакта үстүбүздөгү жылдын 12-24 – август күндөрү эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу аркылуу “Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат” аттуу  иш-чара уюштурулат. Максат - аталган аймактагы таланттуу кыргыз жаштарынын салттуу искусствосун өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Аталган долбоордун алкагында Вандагы кыргыздарга, Кыргызстандан кийиз, темир, тери буюмдарын иштетилишин, улуттук музыкалык аспаптардын жасалуу жана аталган аспаптарда ойноо өнөрүн көрсөтүү максатында 5 адис жиберилет. Муну менен катар ТРТ Аваз каналы, маданий иш-чараны жүрүшү тууралуу толук даректүү тасма тартат жана ТРТнын башка каналдары аркылуу көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чара тууралуу маалымат берген Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Ван шаарынын Эрчиш районунда жашаган, түрк атуулдугун алган кыргыз досторуна арналган долбоордо кол өнөрчүлүк жана устачылык иштерине басым жасалганына токтолду. Улуу Памир кыргыздарынын маданиятын дагы да жакшылап өздөштүрүүлөрүү үчүн ушундай долбоорду ишке ашырып жатышканын белгилеп өттү. Кыргызстандагы жана Ван шаарындагы кыргыз туугандардын арасында ынтымакты жана байланышты камсыздоо, эки өлкө арасында маданий көпүрөнү чыңдоо, муну менен бирге Вандагы таланттуу кыргыз жаштарынын өздөрүнүн салттуу искусствосун профессионалдык деңгээлде өздөштүрүп, өнктүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ишке ашырылып жаткан маданий иш-чаралар улана бермекчи. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.