Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Аскаров күнөөлүү деп табылды

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
396
Бүгүн Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Эскерте кетсек, 66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Аскаров бул өкүм менен макул эместигин билдирип, ачкачылык жарыялоону чечкендиги кабарланууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.