Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

​Арабачан ишкер айымдар

Коом
18 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
87
Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо да жигердүүлүктөрү чектелбеген айымдардын тобу биригип Бишкекте сулуулук салонун ачышты. “Теңдик” коомдук уюмунан окуп чыгышкан кыздар аялдардын чачынан тырмактарына чейин жасантып, кооздук тартуулай алышат. Азырынча телчиге элек бизнести бурч берип батыра тургандар болбой, бир гана “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылынын “Альтернатива” борбору бооруна алды. Демилге “Тилектештик” борборунун колдоосу менен ишке ашты.
 БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясын Кыргызстанда ишке ашыруу ушундай жакшы саамалыкка жеткирди. Мүмкүнчүлүктөрү толук болбогон жарандарды жумуш менен камсыздап, социалдык ишкердикти өнүктүрүүдө бирдей мүмкүнчүлүк жана шарттарды түзүп берүү аракетин андан ары алып кетүү үчүн бардык мамлекеттик органдар, жарандык, эл аралык бирикмелер кошулса деген чакырык.  
 Сыдыков көчөсүндөгү 258 номурдагы даректе жайгашышкан чеберлер менен 0707 967, 0702 171 109 телефондору аркылуу байланышууга болот.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу