Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Анталияда катуу сабалган кыз эсине келди

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
459
Бир айдан бери катуу сабалып,  реанимацияда жаткан  Малика Ноотиева мындан эки күн мурун  эсине келгендигин   кыздын атасы “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Малика эсине келип, атасын тааныган. - Мени көрүп эле “ата” деп сүйлөдү. Бир жак колу, бир жак буту бир аз кыймылдап жатат. "Догдурлар жүрөгү күчтүү экен, жакшы болот" деп айтышты,-деген кыздын атасы.  Учурда ооруканада Маликанын апасы менен атасы ага каралашууда. Аларга Анталиядагы кыргызстандыктар жашаганга үй таап берип, жардам берип жатканын Света Беккулова билдирди,-делет маалыматта. Андан сырткары Маликага түрк жарандары да жардамга келип жатышканы кабарланууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.