Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Алабайлар да аскерде кызмат өтөшөт

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
472
Түркмөн президенти алабай породасындагы иттерди аскердик кызматта колдонуу боюнча атайын борбор түзүүнү тапшырганы кабарланууда. Өлкө башчынын көрсөтмөсү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды. Коргоо министрлигинин кабарлашынча, кылмышкерлерди кармоо, жардыруучу жана наркотикалык заттарды табуу максатында алабайлардын катышуусу менен атайын машыгуулар өтөт.
Коргоо министри машыгуулар учурунда алабайлар өзгөчө чеберчилигин көрсөткөнүн баса белгилейт. Ошол эле маалда түркмөн адистери бул породадагы иттерди аскердик кызматта колдонуу пайдалуу болоруна ынанбай турушканы айтылууда. Саяпкер жана аңчы Гельды Кяризов түркмөн бийлиги алабайларды популисттик максатта колдонууда деп айтып чыкты.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.