Курс НБ на 24.10.2019 $69,8230 €77,6292

Айыл чарба жарманкелер кайрадан иштеп баштады

Коом
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
27

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  Борбордо күзгү сезонду октябрь районунун тургундары ачты,-делет маалыматта.  Ар бир эс алуу  күндѳрү эртең менен Нуркамал Жетикашкаева атындагы көчөсүнүн   Г.Айтиев жана А. Токомбаев  кѳчѳлѳрүнүн ортосундагы бөлүгүндө  жарманке өтөт. Анда шаар тургундары бактардан, чарбалардан жана фермердик чарбалардан жаңы продукция сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Свердлов районунун жашоочулары үчүн күзгү жарманке мурдагы ордунда – Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. (“Чыгыш-5” кичирайонундагы суунун жээги). Адаттагыдай эле, көчөдө жашылча – жемиштерди, балды, этти жана сүт азыктарын сатуу боюнча сатуу орундары уюштурулат.

Дем алыш күндөрү Чүй облусунун 120га жакын айыл чарба өндүрүүчүлөрү келишет.   Алгачкы жолу жарманкеде Нарын облусунун ишкерлери катышып, эт, картөшкө жана пияз алып келишет.

Ал эми 40 борбордогу айыл чарба ишканасы шаардыктарга сүт азыктарын, колбасы, бакалея жана консерваланган азыктарды сунуштайт,-делет маалыматта.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу