Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Айт намазга келгендерден бычак, тапанча табылды

Коом
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
542
Кечээ эски аянтка Айт намазга келген жарандардын жанынан жети бычак, эки кастет, МР-8 үлгүсүндөгү тапанча жана бир ок табылган. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Намазга  болжол менен 55 миңдей киши келген. Бул күнү өлкө боюнча эс алуу күнү деп жарыяланган. "Бишкек ШИИБдин Коомдук коопсуздук башкармалыгы тарабынан айт намаз учурунда тартипти сактоо боюнча план иштелип чыккан. Шаардык милиция ошондой эле айт намазга сайып-кесүүчү жана ок атуучу нерселерди алып келүүгө тыюу салынарын алдын ала эскерткен", — деп айтылат маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.