Курс НБ на 28.05.2020 $73,7136 €81,0776

Аймактарда кар жаашы күтүлөт

Коом
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
520
23-24-январь күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Ал эми 24-25-январда абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт. Туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтарга кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатышы мүмкүн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.