Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Адамзат таза табияттан айрылууда

Коом
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
501
Илимпоздордун пикиринде Жер шарындагы адам буту баспаган жапайы табияттын 10%ы акыркы 25 жылда жок болду.
Мындай маалымат Current Biology журналына жарыяланды. Экологдор учурда Жердин кургак бөлүгүндөгү 23% гана аянтка адамдын буту тийе элек деп эсептешет. Эгерде кескин чаралар көрүлбөсө адамзат жапайы жаратылыштан биротоло кол жууп калары шексиз дешет экологдор. 1990-жылдардын башталышында планетадагы жапайы табият 33%ды түзгөн. 25 жылда жоголгон 10% жапайы жаратылыш болжол менен Австралиянын тең жарымын же Америка Кошмо Штаттарынын үчтөн бирин түзөт. Бул жоготуулар Түштүк Америка жана Африка континенттерине тиешелүү.
Ушундан улам,бул жагдай Кумтөрдүн алтынын каздырып, экинчи ирет дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз деп Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунун карагайларын кыркып, көк майсаңдын топурагын тоз кылган кыргыздар ойлончу маселе окшойт деген ой башка келет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.